Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана жөө жүргүнчүлөр менен айдоочулардын Жол кыймылынын эрежелерин бузушуна бөгөт коюу максатында Бишкек шаарында «Жөө жүргүнчү» аталышындагы рейд күчөтүлгөн тартипте улантылууда.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө милиция кызматкерлери жөө жүргүнчүлөр өтүүчү аймактарды туура эмес пайдалануу, жолду белгисиз жерден кесип өтүү жана айдоочулардын жөө адамдарга коркунуч жараткан аракеттерин каттоодо.
Айрыкча мектептердин, базарлардын жана коомдук транспорт токтогон жайлардын айланасына өзгөчө көңүл бурулууда. Ар бир катталган мыйзам бузуу боюнча протоколдор түзүлүп, алдын алуу багытындагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
