Колумбиянын президенти Густаво Петро BBCге берген маегинде АКШнын Венесуэладагы акыркы операциясын эске алуу менен Американын Колумбияга басып кирүү мүмкүнчүлүгүн «реалдуу» деп мүнөздөдү.
Ал Кошмо Штаттар башка өлкөлөрдү «өз империясынын бир бөлүгү» деп эсептей турганын айтты.
Президент өзүнүн саясатынан улам Кошмо Штаттар «дүйнөлүк үстөмдүктөн дүйнөдөн обочолонууга» өтүү коркунучунда турат деп эсептейт.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен 8-январдагы телефон сүйлөшүүсүнө токтолуп, ал сүйлөшүү бир сааттан аз убакытка созулганын айтты.
Петронун айтымында, экөө Колумбиядагы баңгизат аткезчилигине каршы күрөш, Боготанын Венесуэла боюнча позициясы жана Латын Америкасындагы АКШга байланыштуу окуяларды талкуулашты.
Президент Николас Мадуро менен анын аялынын камакка алынышына алып келген Венесуэладагы операциядан кийин Трамп Колумбиянын президенти да этият болушу керектигин эскертти. «Колумбия дагы абдан оорулуу, аны кокаин өндүрүп, АКШга сатууну жакшы көргөн оорулуу адам башкарат жана ал муну көпкө чейин жасай албайт», — деди Ак үйдүн башчысы.
