Вторник, 20 января

Хаманеи: Трамп алгач өз өлкөсүн башкарып алсын

0

Айрым нааразычылык акциясынын катышуучулары АКШнын президенти Дональд Трампты «ыраазы кылуу» үчүн мамлекеттик мүлктү бузуп жатышат. Бул тууралуу Ирандын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи 1977-жылы январда бийликтен кулатылган шахка каршы башталган Ислам революциясынын жылдыгын белгилөө үчүн Кум шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Хаменеи Иранда экономикалык кыйынчылыктардын шартында башталган, андан соң башаламандыкка айланган нааразылык акцияларына баа берди.

Ирандын Жогорку лидери АКШнын президенти Дональд Трамптын нааразылык акцияларынын учурунда Иран өкмөтүн коркуткан билдирүүлөрүнө көңүл бурду.

«Кечээ кечинде Тегеранда бир топ вандалдар АКШ президентин ыраазы кылуу үчүн элге таандык мамлекеттик мүлктү талкалашты. Эгер ал (Трамп) колунан келсе, өз өлкөсүн башкарсын», — деди ал.

Хаменеи 2025-жылдын июнь айында Израил менен АКШнын Иранга жасаган чабуулдарынын натыйжасында 1000ден ашык адам каза болгонун эскерди.

«Бул киши: «Мен буйрук бердим; согуш учурунда буйрук бердим», — деди. Башкача айтканда, ал колдору ирандыктардын канына боёлгонун мойнуна алды», — деп белгиледи Хаменеи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз