Манас шаарында жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында “Түнкү өспүрүм” профилактикалык рейди өткөрүлдү.
Мэриядан билдиришкендей, рейдге мэриянын, социалдык камсыздоо башкармалыгынын, милициянын тиешелүү кызматкерлери жана аймак башчылары катышты
Иш-чаранын жүрүшүндө түнкү убакта ата-энесинин же мыйзамдуу камкорчусунун коштоосу жок көчөдө, оюн-зоок жайларда жана коомдук тамактануучу жайларда жүргөн 40 жашы жете элек өспүрүм аныкталды. Өспүрүмдөрдүн ата-энелерине жана камкорчуларына тиешелүү протоколдор түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.
Мындай рейддер жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо максатында мындан ары да улантылат.
