Вторник, 10 февраля

Сирия армиясы YPG/SDG террордук тобун Табка шаарынан сүрүп чыгарды

0

Сирия армиясы Ракка провинциясындагы Табка шаарын толук көзөмөлдөп, YPG/SDG согушкерлерин сүрүп чыгарды.

Маалыматтарга караганда, террордук уюмдун 483 мүчөсү куралын таштап, Сирия армиясына багынып берүүгө даяр экенин билдиришкен.

Сириянын мамлекеттик маалымат агенттиги SANAнын армиянын операциялык штабына шилтеме жасап билдиргенине караганда, стратегиялык жактан маанилүү Табка шаары өкмөттүк күчтөр тарабынан толугу менен басып алынган. Министрлик Табкада жайгашкан YPG/SDG мүчөлөрүнүн баары шаардан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун белгиледи.

Сириянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы YPG/SDG согушкерлеринин 483ү Сирия бийлигине кайрылып, террордук уюмдан чыгып кетүүнү каалаарын билдиргенин ырастады. Учурда 181 террорист куралын таштаганы белгилүү болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз