Бакуда Кыргызстандын Соода үйү ачылды

0

Азербайжандын Баку шаарында кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарлары сунуштала турган Соода үйү иштей баштады. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Долбоор азербайжандык ишкер тарабынан Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин, ошондой эле эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын колдоосу менен ишке ашырылды.

Бүгүн ачылыштын алкагында «Nomads Tradition» жана «OKUKLU HOLDING» ЖЧКларынын ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Кол коюу аземине Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов катышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз