Кашмир аймагын Индия менен Пакистан талашып келет. Аймак экиге бөлүнгөн — Индия башкарган Кашмир менен Пакистан көзөмөлдөгөн Кашмир.
Индиянын өкмөтү конституцияны өзгөртүп, өзү көзөмөлдөгөн Кашмир аймагына атайын артыкчылык берген мыйзамдарды жокко чыгарат.
Конституциядагы 370-берене Индия көзөмөлдөгөн Кашмир аймагына автономия берген. Аны жокко чыгаруу абдан талаштуу. Анткени дал ушул берене үчүн Кашмир 1947-жылы Индияга кошулууга макул болгон. 370-беренеге ылайык, Кашмир менен Жамму штаттары өз конституциясын кабыл алууга, өз туусуна ээ болууга жана коргонуу, чет өлкөлөр менен мамиле түзүүдөн тышкары чечимдерди өздөрү кабыл алууга укуктуу болушкан.
Беренени жокко чыгаруу башаламандыкка алып барышы ыктымал. Индия көзөмөлдөгөн аймакта отуз жылдан бери жикчил аракеттер болуп, он миңдеген кишинин өмүрүн алды. Өзөктүк куралы бар Индия менен Пакистан Кашмир аймагын талашып, эки жолу согушка барган.
Индиянын бийлиги эмитен эле он миңдеген аскерлерин Кашмирге жөнөттү. Айрым маалыматтарга ылайык, аймакка эс алууга келген миңдеген туристтерди чыгып кетүүгө дагы чакырыктар болгон. Ошондой эле Индия көзөмөлдөгөн Кашмирде митинг өткөрүүгө тыюу салынды, уюлдук телефон менен интернет байланыштарына дагы чектөө киргизилди.
Парламент 370-беренени жокко чыгаруу боюнча жарыялоодон бир нече саат мурун, штаттын мурдагы эки башчысы үй камагына алынган.
Кашмир бул — дүйнөдөгү эң аскерлешкен чөлкөм. Ошондой эле ядердик эки өлкө — Индия менен Пакистан карама-каршы турган, тынчы жок, кооптуу аймак болуп саналат.
Марттын башында Индия Кашмирдин Пакистанга таандык аймагына аба соккуларын жолдогону абалды андан бетер курчуткан эле.
Индия менен Пакистан ортосундагы биринчи жаңжал 1947-1948-жылдары пайда болду. Анда Индия Британ тактысынан бөлүнүп, эгемендик алган эле. Пакистан болсо дүйнөнүн картасында пайда болгон учуру.
Индия менен Пакистандын чек арасында эл аралык тынчтык күчтөрү жайгашкан
Азыр бул аймак бир нече зоналарга бөлүнгөн. Индия менен Пакистан чөлкөмдүн ар башка бөлүктөрүнө ээлик кылат. Ошондой эле анчейин чоң эмес аймак Кытайга таандык.
Коңшулаш өлкөлөрдүн ортосундагы жаңжалды өзгөчө жергиликтүү тургундар жон териси менен сезүүдө. Карама-каршылыктан көп кан төгүлдү. Эки жолку согуш (1947-1965-жылдары), бир нече жолку аскердик операция, майда-барат кагылышуулар, аскерлерге жана жайкын тургундарга жасалган чабуулдар.
Мунун кесепетинен чөлкөмдүн экономикасы саясий кырдаал сыяктуу эле туруксуз абалга келди. Кашмирде жумушсуздук кеңири кулач жайган. Британ парламентинин мүчөсү Назир Ахмеддин пикиринде, Кашмир терроризмдин булагы дагы болуп калды. Чөлкөмдү кылдат байкоого алып жүргөн эксперттер деле ушундай эле пикирде. Буга көз жумду мамиле кылуу радикалдуу, диний топторго каршы күрөштү татаалдаштырмак. Кашмирдин «индиялык» бөлүгүндөгү калктын 60 пайызы мусулмандардан турат. Бул Индиядагы мусулмандар көп жашаган жападан жалгыз штат.