Жакында Индиянын Жамму Кашмирдин атайын макамын жокко чыгарган. Бул окуядан кийин Бириккен Улуттар Уюму аймакта күчөгөн чыңалуунун санаркатуучу экенин билдирип, тараптарды тынчтанууга чакырды.
БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында, Индиянын Кашмир чечиминен кийин аскердик кыймылдуулукка жана чыңалууга жакын байкоо салып жаткандарын айтты.
Аймакта күчөгөн чыңалуунун санаркатуучу экенин белгилеген Дюжаррик, Индия менен Пакистанды тынчтанууга чакырды.
Индия жарым кылымдан ашуун убакыттан бери Жамму Кашмирге өзгөчө ыйгарым укук берген конституциялык беренесин жоюп, аймактын атайын макамын жокко чыгарган болчу.
Кошумчалай кетсек, Кашмир аймагын Индия менен Пакистан талашып келет. Аймак экиге бөлүнгөн — Индия башкарган Кашмир менен Пакистан көзөмөлдөгөн Кашмир.
Индия Британ башкаруусунан чыга элек кезде, 1947-жылы эле Кашмир талаштуу аймак болуп калган. Британдыктар субконтинентти экиге бөлгөн — мусулмандар көп жашаган аймакка Пакистан, индустар үстөмдүк кылган аймак Индиянын көзөмөлүнө өттү.
Кашмирдин башкаруучусу аймагы кайсыл өлкөгө биригерин чече албай туруп калды. Рефрендум өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок эле. Кийин Индия менен союз түзүүгө ыктап, бирок кечигип калган. Чөлкөм үчүн Индия менен Пакистан ортосунда согуш тутанып кетти.
Өлкөлөр жарашуу боюнча келишимге жеткенде, Пакистан аскер күчтөрүн чыгарып кетүүдөн баш тарткан. Ошентип Кашмир экиге бөлүнүп калды. Кашмирдин чыгыш бөлүгү Аксайчин деп аталып, 1950-жылдардан бери Кытайдын башкаруусунда. Бул жерге дагы Индия доомат коюп келе жатат.
Индия менен Пакистан ортосундагы экинчи согуш 1965-жылы башталды. 1980-жылдан 1990-жылдарга чейинки бийликке болгон нааразылыктар чөлкөмдө ар кандай каршылык кыймылдарынын түзүлүшүн шарттады. Куралдуу кол салуу, массалык каршылыктар жана Пакистан колдогон куралдуу топтор өөрчүдү.
1999-жылга барып Индия менен Пакистан өзөктүк куралы бар экенин жар салды.
Кашмир үчүн болгон күрөштүн биринчи күнөн тарта эле бир нече миң кишинин өмүрү кыйылды.
1950-жылдардан тарта эле БУУ саясий чечим кабыл алууда Кашмирдеги тургундардын пикирин эске алуу керектигин айтып, референдум өткөрүүгө чакырып келет.
Индия башында бул идеяны колдогон. Кийин референдум керек эмес деп калды. Пакистан дагы буга макул эмес. Чөлкөмдөгү тургундардын көбү Индиянын башкаруусу алдында жашагысы келбейт, анын ордуна Пакистанга карап же эгемен өлкө катары жашаганды артык коюшат дейт пакистандык бийлик.