Түркияда 2023-жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгышында болгон кыйратуучу жер титирөөлөрдүн курмандыктары эскерилди.
Өлкөнүн тургундары кыйратуучу жер титирөөдө каза болгондор үчүн дуба кылышты. Түркиянын ар кайсы аймактарында эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү.
Түркиянын бир нече провинциясында жер титирөөнүн курмандыктарын эскерүү үчүн «Жымжырттык жүрүшү» өткөрүлдү. Саат 4:17де 65 секундга созулган жымжырттык жарыяланды (Кахраманмараш провинциясындагы биринчи күчтүү жер титирөөнүн узактыгы).
2023-жылдын 6-февралында, дүйшөмбү күнү, Түркиянын түштүк-чыгышында Рихтер шкаласы боюнча 7,0 баллдан ашкан эки күчтүү жер титирөө болгон (жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:17де 7,7 жана 13:24тө 7,6). Жер титирөөнүн эпицентри Кахраманмараш провинциясында болгон.
«Кылымдын кырсыгы» деп аталган жер титирөө 11 провинцияга таасирин тийгизди.
Жер титирөөнүн күчүн коңшулаш өлкөлөр, анын ичинде Сирия, Ливан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), Грек Кипри жана Иракта да сезилген.
Кахраманмараштан тышкары, Хатай, Османие, Адыяман, Диярбакыр, Шанлыурфа, Газиантеп, Килис, Адана, Малатия жана Элазыг провинцияларында олуттуу зыян жана жоготуулар болгон.
Жер титирөөдөн каза болгондордун саны 53 537ге жетип, дагы 107 213 адам жаракат алды.
Издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 93 өлкөдөн, анын ичинде Кыргызстандан да куткаруучулар келишти.
