АКШ-Иран сүйлөшүүлөрү жакшы башталды — Аракчи

0

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Омандын Маскат шаарында АКШ делегациясы менен болгон сүйлөшүүлөрдү «жакшы башталыш» деп атады.

«Биз пикир алмаштык, бул абдан маанилүү. Биздин тынчсызданууларыбыз, кызыкчылыктарыбыз жана Иран элинин укуктары эске алынды. Жолугушуу абдан жакшы атмосферада өттү жана эки тараптын тең пикири угулду», — деди министр.

Анын айтымында, Омандагы сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар өзөктүк программа боюнча байланыштарды улантууга макул болушту.

Аракчи 2025-жылдын июнь айында АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Иранга Израил, андан кийин АКШ кол салганын эске салды. «Биринчиден, биз бул ишенбөөчүлүктү жеңип, сүйлөшүүлөр үчүн алкак түзүшүбүз керек», — деп белгиледи ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз