Эрбаев жана Шадыбеков УКМКнын жетекчи орун басарлары болуп дайындалды

0

Эрбаев Алишер Ташбаевич Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды.

Муну менен катар, Шадыбеков Уранбек Аманович да Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз