10-февралда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулун кабыл алды.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Нурланбек Тургунбек уулунун Түркияга расмий сапарынын алкагында өткөн жолугушууда тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана кызматташтыкты тереңдетүүнүн негизги аспектилерин талкуулашты.
Тургунбек уулу Эрдоганга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, эки мамлекет башчысынын ортосундагы тыгыз мамиле бир тууган өлкөлөрдүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо үчүн бекем пайдубал экенин баса белгиледи.
Ал Түркиянын президентинин 2024-жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапары тарыхый окуя болгонун, стратегиялык мамилелерде жаңы барак ачканын билдирди.
«Кыргыстан бардык тармактарда кызматташтыкты активдүү жана ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар». «Кыргыстан парламенти өз кезегинде жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууда колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр», — деди Жогорку Кеңештин төрагасы.
Тургунбек уулу бардык түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо да Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин кошумчалады. «Биз Түрк мамлекеттеринин уюму жана ТүркПА сыяктуу эл аралык платформаларда тыгыз кызматташабыз. Өткөн жылы Кыргызстан Түрк мамлекеттеринин уюмуна төрагалык кылган, ал эми быйыл ТүркПАнын кийинки жыйыны Бишкекте өтөт деп күтүлүүдө. Бир тууган Өзбекстандын парламенти биздин катарыбызга кошулат деп үмүттөнөбүз», — деди ал.
Ал ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтып, түрк президентинен мындай биргелешкен долбоорлорго көңүл буруп, аларга саясий колдоо көрсөтүүнү суранды.
Өз кезегинде Эрдоган кыргыз парламентинин жана төрага Нурланбек Тургунбек уулунун ишмердүүлүгүнөн кабардар экенин айтты. Ал бул расмий сапар кызматташтыкты тереңдетүүгө олуттуу түрткү берет деп ишенерин билдирди.
Ошондой эле, Режеп Тайип Эрдоган Түркия Кыргызстан менен бир туугандык, достук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө маани берерин баса белгилеп, бир тууган өлкөсүнүн өнүгүшүнө кызыкдар экенин жана колдоо көрсөтөрүн билдирди.
