Аба ырайы. Дээрлик бардык ашууларда кар жаап жатат

0

Өлкөнүн негизги жолдорундагы ашууларда кар жаап, күн бүркөк болууда. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы бүгүн, саат 08:30га карата берген маалыматында билдирди.

Ишкананын билдирүүсүнө ылайык, учурдагы кырдаал төмөнкүдөй:

  • Бишкек – Ош жолу: Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, каттам бар.
  • Суусамыр – Талас – Тараз жолу: Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык.
  • Ысык-Көл багыты: Барскоон – Ак-Шыйрак (Сөөк ашуусу) жана Каракол – Эңилчек (Чоң-Ашуу ашуусу) жолдорунда күн бүркөк, каттам үзгүлтүккө учураган жок.
  • Бишкек – Нарын – Торугарт жолу: Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашууларында жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы туруктуу.

Учурда жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күнү-түнү иштеп жатышат. «Кыргызавтожол» ишканасы жол кырдаалы толук көзөмөлдө экенин кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз