The Times гезитинин бейшемби күнкү кабарына караганда Англия АКШ күчтөрүнө Иранга каршы ыктымалдуу чабуул жасоо үчүн өздөрүнүн аскердик базаларын колдонуусуна уруксат берүүнү четке какты.
Бул чечим Англия менен Вашингтондун ортосундагы чыңалууну күчөтүп, АКШнын президенти Дональд Трамптын сынга алуусуна себеп болду.
Көптөн бери күчүндө турган келишимдерге ылайык, америкалык учактар Глостерширдеги «RAF Fairford» базасынан жана Инди океанындагы Диего-Гарсиядагы биргелешкен аскердик базасынан британ өкмөтүнүн алдын ала макулдугу менен гана аскердик операцияларды жүргүзө алган.
Бирок Лондон так укуктук негиз болбостон Иранга каршы чабуулга катышуу эл аралык укукту бузушу мүмкүн деген кооптонуу менен бул уруксатты берген жок.
Трамп бул чечимди, ошондой эле Англиянын 2025-жылы Диего Гарсия жана Чагос аралдары менен бирге Британиянын Инди океанындагы аймагынын эгемендүүлүгүн Маврикийге өткөрүп берүү боюнча түзгөн келишимин да сынга алды.
Трамп «Truth Social» платформасындагы билдирүүсүндө: «АКШ өтө туруксуз жана кооптуу режимдин (Ирандын) ыктымалдуу чабуулун жок кылуу үчүн Диего-Гарсия жана Фэйрфорддогу аэропортун колдонушу мүмкүн», — деп эскертти.
Бул талаш-тартыш Трамптын Ирандын өзөктүк программасы тууралуу боюнча ультиматуму премьер-министр Кир Стармер менен талкуулангандан кийин курчуду.
Эртеси күнү Трамп Чагос келишимине карата сын-пикирин Англиянын ыктымалдуу АКШнын аскердик кийлигишүүсүндөгү ролу менен байланыштырды. Ирандын Англиягы жана союздаш өлкөлөргө кол салышы мүмкүн экенин айтып, Англиянын колдоосу эл аралык укук боюнча мыйзамдуу болорун ырастады.
Бул окуялар Вашингтондун аймакка ири аскердик күчтөрдү топтоп, Иранга сокку урууга даярданып жаткандыгы тууралуу кабарлар тараган учурга туш келди.
