Израилm армиясы Газа тилкесинин түндүк, түштүк жана борбордук бөлүгүндөгү ар кайсы аймактарга абадан сокку уруп, артиллериялык аткылоолорду жүргүздү.
2025-жылдын октябрь айында күчүнө кирген ок атышпоо келишимин Израилдин бузуулары Рамазан айында да уланууда.
Күбөлөрдүн айтымында, Израилдин согуштук учактары Газа шаарынын чыгышындагы Шужайя жана Туффах конуштарынын чыгышында эки жолу абадан сокку урган.
Андан тышкары, шаардын түштүк-чыгышындагы Зейтун конушунда Израилдин учактары жарандык үйлөргө жана жер которгон адамдардын чатырларына ок атып, кээде артиллериялык аткылоолорду жасаган.
Израил армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Бурейж качкындар лагеринин чыгышындагы имараттарды жана курулмаларды жардырып, талкалаган.
Израилдин кол салуусу Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнустун чыгыш конуштарында да болгон.
