“Орусия иш жүзүндө «Үчүнчү дүйнөлүк согушту баштады» жана аны «Москвага катуу аскердик жана экономикалык кысым көрсөтүү» менен гана токтотууга болот”, — деп билдирди Украинанын президенти Владимир Зеленский BBCге берген маегинде.
Жолугушуу дем алыш күндөрү Киевдин өкмөттүк округунда өттү. Зеленский Украина утулуп жаткан жок жана чыр-чатакты жеңиш менен аяктоону көздөп жатканын баса белгиледи. Ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин шарттарына негизделген ок атышууну токтотууну кескин түрдө четке какты.
«Менин оюмча, Путин Үчүнчү дүйнөлүк согушту буга чейин эле баштаган. Орусия дүйнөгө башкача жашоо образын таңуулап, адамдардын тандоосун өзгөрткүсү келет», — деди Зеленский.
Киев көзөмөлдөгөн Донецк облусунун болжол менен 20%ын, ошондой эле Херсон жана Запорожье облустарындагы кошумча аймактарды Орусияга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү суроого жооп берип жатып, Владимир Зеленский мындай кадамды аймактык компромисс катары карабай турганын билдирди.
Ал мындай жеңилдиктер Москваны убактылуу канааттандырса да, бул жөн гана тыныгуу болот деп эсептейт.
«Ага тыныгуу керек… Европалык өнөктөштөр калыбына келтирүү үч жылдан беш жылга чейин созулат дешет. Менимче, эки жылдан ашык эмес. Ал эми ал андан ары кайда барат? Биз билбейбиз. Бирок ал уланткысы келери чындык», — деп баса белгиледи президент.
