Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев расмий сапар менен Орусияга барат. Бул тууралуу бүгүн төраганын Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.
Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы калыптанган кызматташтыкты жигердүү улантууну сүйлөшүп, аталган багыттагы айрым маселелерди талкуулашты.
Ошондой эле ЖК төрагасы жакынкы аралыкта Орусияга расмий сапар менен барарын белгиледи.
«Бул сапар парламенттер аралык диалогду эле эмес, мамлекеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Андыктан, жолугушууларда эки тараптуу байланыштарга тиешелүү жагдайлар талкууланып, расмий сапар жемиштүү болот деген ишеничтемин»,– деди.
Өз кезегинде элчи катары төраганын алдыдагы расмий сапарын уюштурууга болгон күч-аракетин жумшап, көмөк көрсөтөрүн убада кылып, айтылган ар бир сунуш маанилүү экенин белгиледи.
