Воскресенье, 24 ноября

Байден президенттик шайлоодо демократтар менен алдыда келе жатат

0

Сурамжылоонун жыйынтыгы күбѳлѳндүрүп жатат.

АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден Демократиялык партиянын атынан президенттик шайлоо өнөктүгүндө  алдынкы оорунду алып келет. Бул тууралуу Reuters/Ipsos агенттиги ѳткѳргѳн сурамжылоонун жыйынтыгы күбѳлѳндүрүп жатат.

Шайлоо боюнча, алдын ала суралгандардын 22%  Байден добушун берерин айтса,ошол учурда Вермонт штатынын сенатору Берни Сандерс добуштардын 18% алган.

Маалыматка ылайык, башка талапкерлер 9 пайыздык босого балды ашып өтө алган жок. Жалпысынан тизмеде 23 талапкер. Сурамжылоо 1-5-августа ѳткѳрүлгѳн. Анда 1258 АКШын Демократиялык партиясынан катышты. АКШнын 59-президенттик шайлоосу 2020-жылы 3-ноябрда ѳткѳрүлѳт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз