Ок атышуу жана аба соккусуна күнүнө жок дегенде ондой айыл кыштак дуушар болду. Башар Асаддын аба соккусунан Сириянын түндүк-батышындагы дагы тѳрт карапайым адам каза болду.
Бир суткада ок атышуу менен бомбалоодон Хан-Шейхун, Маарэт-ан-Нуман, Быдама, Абидин, Баболин, Кафр Сиджне, Хабит, Кафр-Зита, Латамин жана Морик калк жашаган аймактар жабыркады.
Сириядагы жарандык коргоо (Ак каскачандар) уюмунун маалыматына ылайык, Морик аймагында аба соккусунан тѳрт карапайым адам каза болду.
2018-жылдын 17-сентябрындагы Сочидеги Турция менен Орусия президенттеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдө Сириянын Идлибде күзөткөн аймагын түзүү жана ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкен.
Асаддын режими бул келишимдерди тынч аймактарда чабуулду өнүктүрүүгө аракет кылуу менен келишимди бузду.
Адам укуктары уюмдарынын маалыматы боюнча, 26-апрелден 27-июлга чейин иблиддин деэкалации аймагында, 208 балдар жана 140 аялдар 781 жаран, өлгѳн.
Сирия боюнча Нур-Султандагы 13-турдагы сүйлөшүүлөр жыйынтыгы боюнча, Түркия, Орусия жана Иран мамлекеттери өлкөнүн ок атпоо мөөнөтүн узартууну чечишти. Бирок Асад Идлиб боюнча келишимда дагы эска алган жок.