Пятница, 22 ноября

Атамбаев: Курал менде гана болчу, ѳзүм туруштук берип жаттым

0

Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө чогулгандардын алдында курал анда гана болгонун айтып чыкты. Ал: «Бул жерде курал менде гана, өзүм туруштук берип жаттым» деди:

— Кечээ булар «суракка алып кеткени келдик» дешкен жок, бандиттей болуп келип, элди ата баштады. Мен «бирөө менин үйүмө келсе каршылык көрсөтөм, керек болсо атам» деп бир-эки айдан бери айтып келе жатам. Менин сыйлыкка берилген куралым, тапанча, винтовкам бар. Бул жерде курал менде гана. Мен үчүнчү кабатта отуруп, өзүм туруштук берип жаттым. Аны да силерге бирөө түртпөсүн. Карапайым элде колунда балким таш болду, бирок бирөөндө да ачакей (рогатка) да болгон жок.

7-августта Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн алып кетүү аракети болду. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бул операциясы ишке ашкан жок, ортодо тутанган кагылышуудан жай тургундардан жана күч кызматкерлеринен жалпы 52 адам жараат алды, алардын бири — атайын кызматтын өкүлү каза тапты.

УКМК 7-августта Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон атайын бөлүктүн кызматкерине спайпер куралынан ок тийген болушу мүмкүн деген кабар тараткан. Ошондой эле ок үй тараптан чыкканы, атайын кызматтын кызматкерлери желим ок гана колдонгону, ал эми үй тараптан аскер огу атылганы айтылган. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз