Суббота, 23 ноября

Атайын даярдыктагы жоокердин артында 4 баласы калды

0

Каза болгон атайын даярдыктагы жоокеринин артында 4 баласы калды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин каза болгон жоокер 22 жашта экени айтылган. Бирок УКМК бул маалыматты төгүндөдү.

Кечээ Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын ишке ашырууга аракет кылып жаткан учурда ок тийип каза болгон атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокери Үсөнбек Ниязбековдун артында төрт баласы калды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Үсөнбек Ниязбеков УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болчу. 1972-жылы Ош облусунун Бел-Өрүк айылында туулган. Азыркы кызматына ушул жылдын февраль айында дайындалган. Иштеги жетишкендиктери үчүн «Эрдик» төш белгиси менен жана бир нече сыйлыктар менен сыйланган. Сентябрь айында ага полковник наамын берүү пландалып жаткан», — деп айтылат билдирүүдө.

Маркумдун артында төрт баласы калганы маалыматта айтылат.

Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын ишке ашырууга аракет кылып, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз