Вторник, 26 мая

Өлкөнүн негизги жолдорунда камералар иштей баштады

0

Кыргызстанда «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында заманбап «Автоураган» аппараттык-программалык комплекстери ишке киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жаңы технологиялык тутумдар өлкөнүн негизги делген төмөнкү багыттарына орнотулду:

Бишкек – Кордой;
Бишкек – Нарын – Торугарт;
Бишкек – Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол.
«Автоураган» комплекстери укук бузуулардын бир нече түрүн автоматтык түрдө аныктоого жөндөмдүү. Атап айтканда:

ылдамдык режимин сактабоо;
карама-каршы тилкеге чыгуу;
коопсуздук курун тагынбоо;
жол белгилеринин жана чийиндердин талаптарын бузуу;
«Коопсуз шаар» долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдардын бардыгын аныктоо.
«Биздин негизги максатыбыз – айып пул салуу эмес, жол кырсыктарын алдын алуу жана адам өмүрүн сактоо. Анткени, адам өмүрү баарынан кымбат. Урматтуу айдоочулар, сиздерди жол эрежелерин так сактоого чакырабыз», – деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз