Вторник, 26 мая

БУУ: Иран согушу 45 млн адамды ачарчылыкка кептейт

0

Бириккен Улуттар Уюму Жакынкы Чыгыштагы согуш июнь айына чейин созула турган болсо, кошумча 45 миллион адам курч ачкачылыкка дуушар болушу мүмкүн экенин жана дүйнө жүзү боюнча бул көрсөткүч «коркунучтуу» деңгээлге жетерээин эскертти.

Үчүнчү жумага кирген согуш жүздөгөн адамдын өмүрүн алды. Ирандын Израиль жана Булуң өлкөлөрүнө жооп ирээтиндеги чабуулдарды жасашы жана Ливанда Израиль менен Хизбулланын ортосунда жаңы бир фронттун ачылышы менен курчуду.

“Эгерде Жакынкы Чыгыш кагылышуусу июнь айына чейин улантыла турган болсо баалардын көтөрүлүшү менен кошумча 45 миллион адам курч ачкачылыкка дуушар болушу мүмкүн”,- деп билдирди Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) аткаруучу директору Карл Скау шейшемби күнү Женевада өткөн маалымат жыйынында.

«Бул глобалдык ачкачылыктын деңгээлин тарыхый рекордго жеткирет жана бул өтө коркунучтуу кесепет. Учурда ансыз да рекорддук көрсөткүчтөгү 319 миллион адам азык-түлүк коопсуздугунун курч көйгөйү менен бетме-бет келүүдө»,- деп кошумчалады.

Скаунун айтымында, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 28-февралда согуш башталганга чейин эле экстремалдык аба ырайы, чыр-чатактар жана айрым аймактардагы ачарчылыктан улам келип чыккан «татаал кризиске» кабылган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз