Вторник, 26 мая

Астанада “Жамийла” мюзикли көрсөтүлдү

0

Казакстандын Астана шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган маданий иш-чаралардын алкагында Калибек Куанышбаев атындагы Казак улуттук музыкалык драма театрында “Жамийла” мюзикли көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы тарабынан даярдалган спектаклге көрүүчүлөр жогору баа беришти. Спектакль эки боордош элдин маданий жакындык жана достугун даңазалаган чыгарма катары кабыл алынды.

Белгилей кетсек, аталган маданий иш-чара президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен “Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө” жарлыгынын негизинде уюштурулууда.

Буга чейин 17-мартта “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли да тартууланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз