Вторник, 26 мая

Трамп Венесуэланы «АКШнын 51-штаты» кылгысы келгенин кыйытты

0

АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланын «АКШнын 51-штаты» болуп калышы мүмкүн экенин кыйытты.

Социалдык медиадагы постунда Трамп Венесуэланын бейсбол командасынын жарым финалда Италияны 4-2 эсебинде жеңгенин белгиледи.

«Вау! Венесуэла бүгүн WBC жарым финалында Италияны 4-2 эсебинде жеңди! Алар абдан сонун көрүнөт. Акыркы убакта Венесуэлада жакшы нерселер болуп жатат! Бул эмне сыйкыр экенин билгим келет? 51-штатпы? Ким билет?! » — деп жазган Трамп.

2025-жылдын ноябрында Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригес Америка Кошмо Штаттары анын өлкөсүн «51-штат» кылууга аракет кылып жатканын билдирген.

Трамп буга чейин Канаданын АКШнын 51-штаты болуп калышы жөнүндө бир нече жолу айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз