Понедельник, 20 мая

Атамбаев Улуттук коопсуздук комитетинде

0

Мурдакы президенти Алмазбек Атамбаевди милиция кызматкерлери 8-августта Кой-Таштагы үйүнөн кечке жуук кармаган. Кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын айтымында, учурда Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратында.

Кыргызстандын мурдагы президенти беткапчан кызматкерлердин коштоосунда УКМКнын имаратына кирип бараткан видеосу тарады.

Эскерте кетсек,7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 85 киши жаракат алып, атайын даярдыктагы бир жоокер каза болгон.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракети боюнча өзүнүн пикирин билдирген. Жээнбеков Атамбаев мурда шектүү катары суракка чакырылып келген болсо, эми оор кылмыш жасаган киши катары чакырыларын айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз