Пятница, 10 мая

Германиянын кээ бир аймактары тобокел абалда

0

Германиянын токсон алты аймагынын ичинен он тогузу өнүгүүдө олуттуу кыйынчылыктарга дуушар. Бүгүнкү күндѳ алардын келечеги тобокел абалда. Немец экономикалык институту жүргүзгѳн изилдѳѳнүн жыйынтыгындагы тыянак. Бул жерде аймактардагы начар материалдык-техникалык база,  балдардын аз төрөлүшү, кооптондурган экономикалык кырдаал жөнүндө сөз болуп жатат.

Тобокел аймактар картада кызыл түс менен белгиленген,чыгыш аймактар гана эмес. Адистердин айтымында, ушул аймактарда шашылыш чаралар кѳрүлүшү керек. Алар Дуйсбург, Эссен , Липпе, Саар, Альтмарк, Анхальт-Биттерфельд, Виттенберг.

Илимпоз экономисттер бийликти кооптуу аймакты колдоону сунуштайт. Мисалы карыздын жүгүн азайтып. Изилдѳѳнүн авторлору, аракетсиздик коомдук оорчулуктун өсүшүнө алып келээрин эскертет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз