Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин камакта. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев маалымдады. Кечээ кармалган мурдагы президент түнкү саат бирге чейин суралган.
Ал Азиз Батукаевдин иши боюнча күбѳ катары суракка алынган. Ал эми Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева сурактан кийин бошотулган. Маалыматты адвокат Замир Жолдошев кабарлаган.