Орусия АКШ жана Израил менен тирешкен Иранга чалгындоо маалыматын берген жок. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров France Televisions телеканалына берген маегинде билдирди.
«Орусиянын Иран менен чындап эле тыгыз мамилеси бар. Бизде аскердик-техникалык кызматташтык келишими бар. Биз Иранга айрым аскердик продукцияларды жеткирдик, бирок биз Иранга чалгындоо менен жардам берип жатабыз деген айыптоолорду кабыл ала албайбыз», — деди Лавров.
Анын айтымында, аймактагы америкалык аскердик базалардын координаттары «баарына белгилүү» жана «бул коомдук маалымат».
Лавров Иран Орусиянын союздашы эмес, стратегиялык өнөктөшү экенин эске салды.
«Орусия америкалыктарга Перс булуңундагы жана жалпысынан Жакынкы Чыгыш аймагындагы бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн диалог түзүүнүн максатка ылайыктуулугун бир нече жолу билдирген», — деди министр.
Ошол эле учурда Лавров «АКШнын президенттик администрациясынын жогорку даражалуу мүчөлөрү Ирандын Жогорку лидеринин жана өлкөнүн жетекчилигинин башка мүчөлөрүнүн канкордук менен өлтүрүлүшү жөнүндө сыймыктануу менен айтканын цинизмден башка нерсе катары сүрөттөө кыйын» деп белгиледи.
