Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин биринчи жаштар Дельфий оюндарынын салтанаттуу жабылыш аземи болду.
Иш-чараны ачкан борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев катышуучуларды куттуктап жатып, алар үчүн Бишкек шаары ар дайым ачык экендигин билдирди.
«Бул конкурска катышуунун өзү эле чоң жетишкендик. Биз сиздер менен чын жүрөктөн сыймыктанабыз! Ар бир катышуучу үчүн бул иш-чара жаңы ачылыштарга жол ачып, жаңы кадамдардын башаты болду. Анткени дал ушундай кадамдар адамдын келечегин, жашоо жолун калыптандырат. Ошондой эле ушул күндөрү Бишкек шаары өзгөчө шаңга бөлөнүп турат. Дельфий оюндарынын өлкөбүздө өтүп жатканы биз үчүн чоң сыймык. Бул — маданиятты өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муунду колдоого жана эл аралык гуманитардык байланыштарды чыңдоого кошулган олуттуу салым. Бишкек шаары сиздерди жылуу тосуп алууга жана ушундай маанилүү иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө ар дайым даяр», — деди ал.
Дельфий оюндарына 300 эл аралык жана Кыргызстандан 400 бала катышып, алардын жалпы саны 700гө жакындады. Атап айтканда, жаш талант ээлери Беларусь, Индия, Иран, Пакистан, Кытай, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнөн келишти. Алгач ирет өткөрүлүп жаткан бул оюндардын максаты — жаштар арасындагы эл аралык достукту, маданий байланышты жана кызматташууну чыңдоо болду.
