Понедельник, 25 ноября

Саясатчы Бабанов Кыргызстанга келет

0

Саясатчы Өмүрбек Бабанов бүгүн, 9-августта саат 14.50дө «Манас» аба майданына конуп, тосуп алчулар менен жолугушмакчы. Мындай маалыматты өздүк булактар билдирди.

Ал Кыргызстанды карай Шереметьево аэропортунан «Аэрофлот» компаниясынын учагы жолго чыгаары маалым болду.

Белгилей кетсек, 8-августа, УКМК эскерткен, эгерде Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда Москвада.

Ал апрелде да Кыргызстанга кайтуу үчүн учакка билет алганын айтып, бирок келбей калган.

УКМКнын маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз