Суббота, 28 марта

Согуштун кунун бүткүл адамзат төлөп жатат — Эрдоган

0

Стамбулда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын төрагалыгы алдында Дүйнөлүк экономикалык форумдун (ДЭФ) Түркия боюнча стратегиялык жыйыны өттү.

Өз сөзүндө түрк лидери аймактагы куралдуу кагылышуулардын дүйнөлүк экономикага тийгизген терс таасирине токтолуп, бул «маанисиз жана мыйзамсыз» согуштун кунун бүткүл адамзат төлөп жатканын баса белгиледи. Эрдогандын айтымында, согуш энергетика рынокторунан тартып, өндүрүш, транспорт жана эл аралык соода чынжырларына чейин чоң зыян келтирүүдө. Дипломатия жана диалог аркылуу маселени чечүү мүмкүнчүлүгү бар экенине карабастан, чыр-чатактардын уланышы глобалдык экономикалык жүктү ого бетер оорлотууда.

Ошондой эле президент эл аралык системанын туруктуулугу алсырап, протекционисттик саясат жана энергетикалык коопсуздуктун начарлашы дүйнөлүк тартипке олуттуу коркунуч туудуруп жатканын эскертти. Ал географиялык алыстыгына карабастан, бул процесстен бардык континенттердеги өлкөлөр жабыркап жатканын жана туруктуу экономикалардын саны азайып баратканын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз