Суббота, 28 марта

Акжол Махмудов Нао Кусакуну жеңди

0

Акжол Махмудов Олимпиада чемпиону Нао Кусакуну жеңди.

Беттеш 28-мартка караган түнү Ташкентте спорттук күрөш боюнча PWL 11 эл аралык турниринин алкагында өттү.

Биринчи бөлүктө япониялык балбан 6:1 эсебинде алдыда келе жаткан.

Андан соң кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов килемде бир нече жолу ыкма жасап, атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңүүгө жетишти. Таймаш 19:6 эсебинде жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, бул балбандардын үчүнчү беттеши. Жеңиштер боюнча Акжол Махмудов 2:1 эсебинде алдыда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз