Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү мааракелик жыйыны болуп жатат.
Жыйын Евразия экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана Евразия экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Саркисяндын кытышуусу менен өтүүдѳ.
Өкмөт башчылар экономикалык интеграция, нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу, каржы саясаты, экономика, соода жана өнөр жай тармагында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын талкуулашат.
КР өкмөттүн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны тар жана кеңири курамда өтмөкчү.
Күн тартибинде 15 маселе киргизилген, анын ичинде транс чек аралык аракеттенүүгө, агрардык өнөр жай комплекстерин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдоруна, алкоголдук рынокту жөнгө салууга, 2018-жылдагы ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүүгө байланыштуу жана башка актуалдуу маселелер киргизилген.
Эске салсак, ЕАЭБге Россия, Казакстан, Армения, Белоруссия, Кыргызстан кирет.
Жыйындын соңунда бир нече документке кол коюу пландалууда.