Воскресенье, 28 апреля

Эки президенттин тирешүүсүнөн эл жабыркады

0

“Эки дөө тирешсе, ортодо бейажал чымын кырылат”,- демекчи, эски достор — экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ич ара тирешүүсү байкаган адамга бүгүнкүдөй кан төгүү менен болбосо да, акыры бир күн трагедиялуу аяктай тургандыгы белгилүү болчу. 

Атамбаев башында эле ээрге кыйшык отурган

Алгач бир аз артка чегинип, ошол Атамбаевдин алты жылдык президенттик доору аяктап, анын ордун ким басат деген суроо жаралганда, бийлиги колунда турган мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, эч кандай шайлоо мыйзамын этибарга албай, Атамбаев кайдан-жайдан өзү айткандай “3%дык” рейтинги бар досу Сооронбай Жээнбековду талапкерликке көрсөтүп, колдоого ала баштады. Ал тургай өзү башкы агитаторго айланып, өлкөнүн баш аягын түрө кыдырды. Өз кезегинде Жээнбеков деле “Эгер мен президент болуп калсам, Атамбаевдин көчүн улантам…”,- деп жар салып, жаңыча жашоону, адилеттикти күткөн элдин маанайына суу сепкендей болду. Анткени Атамбаев башкасын айтпаганда да алты жылда өлкөбүздүн экономикасын сызга отургузуп, кландык башкаруу менен трайбализмди өнүктүрүп, жалаң өзүнүн мурдагы жансакчы, шоопур, пол жуугучтарын кадр маселесин башкарган Ак үйдүн “серый кардиналына”, министрге чейин көтөрүп, мамлекеттик системанын ишпалдасын чыгарып койгон болчу. 

Камай албагандарын же өзүнө кийинки президенттик шайлоодо атаандаш боло турган Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Карганбек Самаков, Бекболот Талгарбеков сыяктуу саясатчыларга ар кандай жасалма күнөөлөрдү тагып, алдын 15, артын 6 жылдан камап койду. Эң эле болбоду дегенде “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров сыяктуу лидерлерди парламенттик шайлоодон четтетип, саясаттан биротоло оолактатуу аракетин көрдү.

Ошол эле учурда “Жаш кадрларды колдоп атабыз” деген шылтоо менен Аскарбек Шадиев сыяктуу шылуун-шумпайларды, Сапар Исаковго окшогон бир күн айыл өкмөтү болуп иштебеген гүленчилерди өкмөт башына алып келип, алар чет элдик инвестиция, кредиттерди жеп-ичип, Кыргызстандын тышкы карызы Акаев, Бакиев башкарган 20 жылдагыга салыштырганда эки эсеге көбөйүп, 5 млрд. долларга жакындап калды.

Эми Бекболот Талгарбеков “Атамбаев кыргызга миң жылда бир келүүчү кесепет…”,- деп айткандай, ушул адамга президенттик мөөнөтү бүткүчө чыдайлы деген эл кантип анын жолун уланта турган мураскерин колдомок эле.

Анткен менен акыркы президенттик шайлоо мурдагыларынан да ыплас ыкмалар менен өтүп, жалаң акча, клан, трайбализм, соодалашуу аркылуу 3%дык рейтинги бар Жээнбеков бийликке келди.

Бирок алгач эл арасында адаттагыдай эле эки президенттин ортосун кара мышык аралагандыгы тууралуу имиш тарап, кийин чын болуп чыкты. Ошол имиштердин бирине ылайык, алгач Жээнбеков Астанадагы (азыр Нур-Султан) Борбор Азия президенттеринин жолугушуусуна жөнөп жатканда Атамбаев “Бул жыйынга сен эмес, Сапар Исаков (ал кезде премьер-министр болчу) барат”,- деп ортодо чыр чыгып, Жээнбеков Астанага жөнөп кеткен экен. 

Көп өтпөй эле 2018-жылдын 9-январында Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Жээнбеков коррупцияга каршы каттуу күрөшөрүн жар салып, “керек болсо досумду да аябаймын…”,- дегенде баарыбыз эки достун ортосун кара мышык аралагандыгы чын экендигине ынанып калганбыз.

Сыягы, куулугу менен митайымдыгы күч Атамбаев Жээнбековду “мураскер” катары тандаганда эле аны бийликке алып келип, Кой-Ташта Бабахандай башкарып отура берем деген план түзгөн турбайбы…

Жээнбеков эмнеден жаңылды?

Ооба, эски эки достордун тирешүүсү күчөп отуруп, Россиянын президенти Владимир Путинге чейин жеткен экен, жакында Атамбаев чукул эле Кой-Таштан түз Канттагы орус авибазасы аркылуу Москвага учуп, эртеси күнү Путин менен жолуккандыгын Кремлдин саясатын жүргүзгөн маалымат каражаттары жазып чыгышты. Өз кезегинде Путин деле Атамбаевди кабыл алгандыгы тууралуу билдирүү жасап, “Кыргызстан эки ирет революцияны баштан өткөргөндүгүн, мындан ары андай окуя кайталануусун каалабай тургандыгын…”,- айтты. 

Бирок бул жолугушууну айрым үчүнчү тараптын маалымат каражаттары тескери нукка буруп, “Бизди дале Москва менен Путин башкарып жаткан турбайбы…”,- деген айыптоо менен кыргыз бийлигин, президент Жээнбековду бир топ сындашты.

Чындыгында Жээнбеков андан мурда Швейцариядан келатып чукул Москвага кайрылып, Путин менен кыска убакыт жолуккандыгын жана Атамбаевдин тоскоолдуксуз Канттагы орус авиабазасы аркылуу Москвага учуп барып-келгендигин эске алганда, кыргыз бийлиги Кремлге көз каранды экендиги далилденип калгансыды. Ал эми саясый серепчилер баш болуп, эми Атамбаев  Батукаевдин бошотулушу жана башка мыйзам бузуулары боюнча жоопко тартылбайт деп ойлошкон. Бир чети ички иштер министрлигинин үч ирет күбө катары суракка чакыруусуна барбай койгон адам, болгондо Парламент тарабынан экс-президент деген макаманын ажыратылган Атамбаевдин чет өлкөгө токтоосуз чыгып келүүсүнө бийлик жол бербеш керек эле.

Эгер президент, күч органдары Атамбаевди 7-августтун кечиндегидей атайын операция жүргүзүп кармоо планы болсо, анда ошол Москвага баратканда же келатканда эле жолун тороп, кармап калса, азыркыдай бир жоокер каза болуп, алтоосу жаракат алып, жалпы тирүү щит катары туруп берип, ар кандай жаракаттарды алган элүүгө жакын адам жабыркабайт беле?

Бир караганда бийлик алгач Жогорку Кеңеш аркылуу экс-президенттерди макамынан алуу тууралуу мыйзамды кабыл алып, андан соң жеке Атамбаевдин өзүнө байланышкан, бийликте турганда узурпацияга жол бергендиги боюнча Башкы прокуратуранын корутундусу менен чечим кабыл алып, туура эле кадамдарды жасагандай туюлат.

Тилекке каршы мыйзам дегенди уруп ойнобогон, эгер мыйзамга баш ийсе, жоопко тартыларын көрүп-сезип турган Атамбаев “ва банк” жолун тандап, элди өзүнө тирүү калканч” катары пайдалана баштады.

7-августтун кечинде “Кой-Таш” айылындагы Атамбаевдин үйүндө УКМКнын атайын даярдыктагы жоокерлери тарабынан жүргүзүлгөн операцияда эки тараптан тең ок атылышы жана бир жоокердин каза болуп (47 жашта, артында 4 баласы калды), алтоосу жаракат алуусу жана дагы алтоосу Атамбаевдин тарапкерлери тарабынан барымтага алынуусу түшүнгөн адамга биздин генералдардын кеипкөй эместигин далилдеп турат. Эгер Атамбаевдин тарапташтарынан тараткан видосуна ишенсек, анда алгач жоокерлер ок аткан экен. Ошол учурда УКМКнын маалымат кызматы жалаң резина октор колдонулгандыгын жана каза болгон, жаракат алган жоокерлерди Атамбаевдин үйү тарабынан снайперлер күжүрмөн  (боевой) ок менен аткандыгын билдирип жатты.

Балким, УКМК желим октун ордуна бүтүндөй цивилизациялуу өлкөлөрдө демонстранттарды таратууда колдонулуп келаткан суу чачуучу машинелерди же көздөн жаш агызуучу газды колдонсо, мынчалык кан төгүлбөйт болчу. Баарынан да бүтүндөй армия барып, жалгыз Атамбаевди эки күндөн бери колго түшүрө албай жатышы кайра эле айланып келип, погончон офицерлерибиздин кесипкөйлүгүнөн шек жаратууда. Сыягы ошон үчүн 8-августта парламенттин чукул жыйынында УКМКнын төрагасы Опумбаев президентке отставкага кетерин билдиргендигин айтса керек. 

Ушул жана башка жагдайлар президент Сооронбай Жээнбековдун командасы ишенимдүүбү, аны кыйын кезде сатып кетпейби жана чыккынчылык кылып аткан жокпу деген суроолорду жаратууда.

 Кыргызстандын эл аралык деңгээлде дагы аброюу түштү

Кой-Таштагы азырынча жеңишке жетише албаган бийликтин күч органдарынын атайын операциясы азыркы интернет аркылуу маалымат желдей тараган заманда дүйнөлүк маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылып, Кыргызстанга саясый жактан эле эмес, экономикасына да оңбогондой зыян келтирүүдө.

Бизге ансыз деле эки күн мурда Солтон-Сарыда болгон кытайлык алтын казган компаниянын жумушчуларын кууп чыккан ызы-чуу жетиштүү болчу. Бүгүн эле түшкө жакын бир таанышым “Бир россиялык ишкана менен Кыргызстанда жер семирткич чыгаруучу заводду куруу боюнча узак убакыт сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк эле, бирок Кой-Таштагы окуяны угуп баш тартып коюшту”,-  деди. Мындан тышкары Ысык-Көлгө туристтердин агымы көбөйүп, “бархатный” сезон башталды эле…

Э. Досназаров.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз