Понедельник, 25 ноября

Эки күндѳгү окуя боюнча 40тан ашуун адам кармалды

0

Бүгүн борбор калаадагы 8-9-август түнү болгон окуялар боюнча 40тан ашуун киши кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкармылыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 9-августка караган түнү 1,5 миңдин тегерегиндеги беткапчан, таяк көтөргөн жаалданган кишилер Жогорку Кеңештин имаратына, супермаркет жана соода борборлорго кирүүгө аракет кылышкан. Мындан сырткары белгисиз жарандар коомдук тартипти бузуп, жолду тороого аракеттенишкен. Милиция массалык башаламандыктын, талап-тоноонун алдын алуу максатында атайын каражаттарды колдонду.

Учурда бул топту жолдон чыгарган уюштуруучуларды аныктоо иштери жүрүп жатат. Бишкек милициясы коомдук тартипти бузууга аракет кылып, чагым кылууга мыйзам алкагында тыюу салынарын эскертти.

 Ошондой эле, Маалымат технологиялары жана байланыш комитети 9-августка караган түнү Бишкектин айрым жерлеринде «Коопсуз шаар» долбоорунун видео көзөмөл камералары талкаланганын билдирген.

Учурда келтирилген зыяндын суммасы эсептелүүдө. 

8-августта Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетти. Ага чейин ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин алкагында үч жолу суракка чакырылып, барбай койгон. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз