Бишкек шаарында КМШ, Балтика өлкөлөрү жана Грузиянын кыска метраждуу тасмаларынын XIV эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземи өттү.
Быйыл фестиваль кайрадан эл аралык кызыгууну жаратып, ар кайсы өлкөлөрдүн режиссерлорунан 900дөн ашык арыз келип түштү.
Фестиваль кино ишмери, режиссер жана педагог, жергиликтүү кинематографиянын өнүгүшүнө чоң салым кошкон Альгимантас Видугиристин 90 жылдыгына арналууда. Анын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган фотокөргөзмө да уюштурулууда.
Конокторду конкурстук программадан тышкары, кино искусствосунун ар кыл багыттарына арналган адистердин мастер-класстары күтөт.
Белгилей кетсек, фестиваль Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин, КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун, “Маданий кызматташтык фонду”, коомдук фондунун жана “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунун колдоосу менен өтүүдө.
Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбековдун айтымында, бул иш-чара биринчи кезекте Кыргызстан үчүн чоң майрам, өлкө 14 жылдан бери постсоветтик өлкөлөрдөн жаш кинематографисттерди чогултуп келүүдө. Ал эми Бишкек шаары кыска метраждуу тасмалардын борборуна айланууда.
