Четверг, 23 апреля

Президент Жапаров Астанага барды

0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 21-апрелде иш сапары менен Казакстанга барды.

Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторуна Регионалдык экологиялык саммитке (РЭС) катышуучу өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинген, килем төшөлүп, Ардак кароол тизилген.

Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров РЭС пленардык сессиясында сөз сүйлөп, чет элдик делегациялардын башчылары менен эки жактуу жолугушууларды өткөрөт, ошондой эле Жашыл жана туруктуу технологиялар эл аралык көргөзмөсүнүн павильонуна барат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз