Түндүк Кореянын мамлекеттик KCNA агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов менен эл аралык саясий кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Ким Чен Ын өлкөсү Орусиянын саясатын колдоону уланта берерин билдирди.
Андрей Белоусов баштаган делегация Түндүк Кореяда Орусиянын Курск аймагындагы салгылашууда курман болгон түндүк кореялык аскерлерди эскерүү аземине катышты.
Аземде сөз сүйлөгөн Ким Чен: «Түндүк Корея өкмөтү Орусиянын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздук кызыкчылыктарын жактоодогу саясатын толук колдоону уланта берет», — деди.
Эки өлкө 2024-жылы өз ара коргонуу келишимине кол коюшкан жана Түндүк Корея Курскта Украинага каршы орусиялык күчтөр менен бирге согушуу үчүн болжол менен 14 000 аскер жөнөткөн.
Түштүк Кореянын, Украинанын жана Батыштын расмий өкүлдөрү жаңжалда Түндүк Кореянын 6000ден ашык жоокеринин каза болгонун билдиришти.
