Среда, 29 апреля

ШКУнун башкатчысы Бишкеке келди

0

Бишкек шаарына Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Башкы катчыны ”Манас“ эл аралык аэропортунан Куралдуу күчтөрдүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы Талантбек Талипов тосуп алды.

Нурлан Ермекбаевдин ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуусу күтүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз