Среда, 29 апреля

Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

0

Бүгүн, 29-апрелге караган түнү саат 02:22де кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашып, анын күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Баткен облусундагы Кара-Тейит айылынан түштүк-батышка карай 20 чакырым жана Баткен облусунан түштүк-чыгышка карай 110 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Кара-Тейит жана Чоң-Алай районунун Карамык айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз