Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнө карата кылмыш иши козголгонун ырастады.
29-апрелде жасаган кайрылуусунда Ташиев ага карата козголгон иш боюнча «юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгү бар экенин» жана сотто акталарына ишенерин билдирди.
«Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана АЛЛАХым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган «Кемпир-Абадчылар» да акталышты. Ошондуктан баарыңыздарды мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранамын. Эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл аракеттеринин зарылдыгы жок деп эсептейм», — деди Камчыбек Ташиев.
Бул билдирүү 29-апрель күнү эртең менен Ташиевге карата кылмыш иши козголгону тууралуу кабарлар тарагандан кийин жасалды. Азырынча расмий органдар Ташиевге кайсы берене боюнча жана кандай жагдайда иш козголгону тууралуу маалымат бере элек.
27-апрелде президент Садыр Жапаров жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине курган маегинде Жогорку Кеңештеги саясий интригаларга, «75чилердин катына» Камчыбек Ташиевдин тиешеси-бар жогун сот аныктай турганын айткан.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
