Азербайжан парламенти Европа Парламенти менен «бардык тармактарда» кызматташууну токтотуу жөнүндө резолюция кабыл алып, «Азербайжанга каршы саясатын, жалаа жабууларын жана каралоо өнөктүктөрүн улантып жатат» деп айыптады.
Азербайжандын мамлекеттик маалымат агенттиги AZERTAC жума күнү Улуттук парламент тарабынан кабыл алынган резолюцияга таянып берген кабарында өлкө парламенти чет өлкөлөрдүн парламенттери жана парламенттик органдары менен болгон карым — катнаштарын «тынчтык, коопсуздук жана туруктуу өнүгүү үчүн биргелешкен аракеттерге» негиздейт жана парламенттик баалуулуктарга, жалпы кызыкчылыктарга негизделген ачык, чынчыл жана конструктивдүү диалогду колдойт»,- деп билдирди
Резолюцияда: «Тилекке каршы, Европа парламентинин жогоруда айтылган принциптерди четке каккан кыйратуучу позициясы бул мекеме менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык карым — катнаштарынын өнүгүшүнө негизги тоскоолдук болууда», — деп айтылды.
Резолюцияда Европа парламенти менен кызматташуу максатында түзүлгөн ЕБ-Азербайжан парламенттик кызматташтык комитети жана «Евронест» парламенттик ассамблеясы сыяктуу платформалар «өлкөбүздүн ички иштерине кысым жасоо, коркутуп-үркүтүү жана одоно кийлигишүү куралына» айланганы белгиленди.
Резолюцияда Улуттук парламенттин 2015-жылы Европа парламенти менен болгон бардык мамилелерин токтотконуна карабастан, Европадан келген көптөгөн чакырыктар жана убадалардан кийин кызматташууну кайра баштаганы айтылат.
Резолюцияда: «Ошого карабастан, Европа парламенти берген убадаларын аткарбай, Азербайжанга каршы саясатын, жалаа жабуу жана каралоо иш-аракеттерин туруктуу түрдө уланткан.
Бүгүн демократиялык баалуулуктардын кыйрап жатканы, коррупция менен паракорлуктун терең тамырлаганы, лобби топтору жана ар кандай кызыкчылык чөйрөлөрүнө кызмат кылган Европа парламенти; Азербайжанфобиялык жана исламофобиялык ой жүгүртүү тынымсыз айтылып жаткан түзүмгө айланды»,- деп айтылды.
Резолюцияда өзгөчө Европа парламенти Азербайжан менен Европа Биримдигинин карым — катнаштарынын өнүгүшүнө тоскоолдук кылып, Түштүк Кавказда узак мөөнөттүү тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу кадамдарына каршы чыгып, «реваншисттик күчтөрдү тутандыруу» менен айыпталды.
