Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Атлантика океанындагы жүргүнчү кемесинде үч адам каза болгонун жана лабораториялык анализдер өлүмдөрдүн биринин хантавирустан улам болгонун аныктаганын жарыялады. Хантавирус көбүнчө кемирүүчүлөрдөн адамдарга жугат.
Оору Аргентинанын Ушуайя шаарынан Кабо-Вердеге бара жаткан “MV Hondius” кемесинде катталды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: «Бүгүнкү күнгө чейин хантавирус инфекциясынын бир учуру лабораториялык анализдер менен тастыкталды; дагы беш шектүү учур бар», — деп билдирди.
Йоханнесбургда дарыланып жаткан бейтаптын анализинен да хантавирус чыкты. Хантавирус — бул ички геморрагиялык ысытманы жана олуттуу респиратордук ооруларды пайда кылышы мүмкүн болгон вирустардын үй-бүлөсү.
Иликтенип жаткан учурлар
Инфекциялар адатта вирусту алып жүргөн кемирүүчүлөрдүн заарасына же заңына дуушар болуу менен байланыштуу болсо да ДССУ: «Кээде хантавирус адамдар арасында да жайылып, олуттуу респиратордук ооруларды пайда кылышы мүмкүн», — деди.
