5-майда ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу менен жолугушту.
Таалатбек Масадыков Сергей Шойгуга ушул жылдын биринчи жарымында ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары менен болгон жолугушууларынын жыйынтыктары, ошондой эле 2025-жылдын ноябрь айындагы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын жүрүшү жана Орусиянын төрагалыгы учурундагы уюмдун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди.
Тараптар ошондой эле 26-майда өтө турган ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин жыйынынын күн тартибин жана уюмдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Орусиянын 2026-жылы ЖККУга төрагалыгы «Көп полярдуу дүйнөдө жамааттык коопсуздук: жалпы максат, биргелешкен жоопкерчилик» деген ураан астында өтүүдө.
