Четверг, 14 мая

ӨКМ: сел жүрүшү мүмкүн

0

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шашылыш билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындан улам калкка майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактоо сунушталат: мүмкүн болушунча тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга, дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алууга бааруудан кармануу, ошондой эле нөшөрлүү жаан-чачын маалында тоо жолдору менен жүрбөө зарыл.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз