Орусиянын президенти Владимир Путин орус аскерлеринин толугу менен НАТО куралдар менен камсыздаган жана колдоого алган «агрессивдүү бир күч менен» согушуп жатканын айтты.
Ишемби күнү Кызыл Аянтта Экинчи дүйнөлүк согушунда советтер союзунун жеңишине арналган Жеңиш майрамы парадында сөз сүйлөгөн Путин «жеңишке жеткен муун бүгүнкү күндө атайын аскердик операциянын милдеттерин аткарып жаткан аскерлерге дем берип жатканын» айтты.
Путин орус окумуштуулары жана инженерлери «заманбап согуш тажрыйбасын колдонуу менен» алдыңкы куралдарды иштеп чыгып, аларды сериялык түрдө өндүрүүнү кеңейтип жатканын баса белгиледи. Парадга аскер кызматкерлери жана курсанттар менен катар Түндүк Корея армиясынын аскерлери да катышты.
Эскерүү аземдеринин алдында Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү 8-9-майдагы Жеңиш күнүн майрамдоого карата эки күндүк ок атышууну токтотууну сунуштап, эгерде майрамдоолор үзгүлтүккө учураса, Украинаны «чоң масштабдуу» ракеталык сокку менен бетме — бет келери боюнча эскертти. Украина да шейшемби күнү түн жарымынан тарта бир тараптуу ок атпоо режимин жарыялаган. Бирок кийинчерээк эки тарап тең бири-бирин келишимди бузуу менен айыптап чыгышты.
