Понедельник, 25 ноября

Кыргызстанда диний уюмдар кѳбѳйүүдѳ

0

Жакында ѳлкѳдѳгү ар кайсы диний конфессия, уюмдардын өкүлдөрүү жыйынында диний уюмдардын саны 3319га жеткени маалымдалган. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин 2014-2018-жылдарга карата «Кыргызстан цифраларда» аттуу жаңы жыйнагында жазылган.

Анда белгиленгендей, 2014-жылы өлкөдө 2 600 диний уюм болгон жана беш жылда алар 719га көбөйдү. Басылмада маалыматтар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан алынганы кабарланат.

Былтыркы жылдын эсебиндеги 3319 диний бирикменин 2 910у ислам, 395и христиан, 12си жаңы диний ишенимдерге жана агымдарга тиешелүү. Иудаизм менен буддизм динин тутунгандардын бирден уюму бар.

Улуттук статистика комитети акыркы беш жылдагы социалдык-экономикалык жагдай, каржы-соода тармагы, калктын турмушу, медицина, тейлөө, билим берүү, туризм, коомдук уюмдар, бирикмелер жана башка тармактар тууралуу басылманы ар жылдын ортолорунда жарыялап турат. 2014-2018-жылдардын жыйынтыгы 2019-жылдын август айында жарык көрдү. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз