Понедельник, 25 ноября

Британдыктар биринчи керектѳѳдѳгү буюмдарды сатып алууда

0

Улуу Британия ЕБ чыгышы ѳлкѳгѳ кандай таасир берерин эч ким билбейт. Бирок алдын ала айтылган маалыматтарга кѳз салганда пессимисттик мүнѳздѳ терс жагдайларды чагылдырат. Ошол себептен британдыктар массалык түрдѳ биринчи керектѳѳдѳгү буюмдарды сатып алышууда. ЕБден чыгып согушка даярдангандай эле абал. Адистердин айтымында акыркы үч ай ичинде гана, падышалыгынын тургундары 4 миллиарддан ашуун фунтту тамак-аш, суусундуктарды, дары-дармектин запасын толуктоого жумшашты.

Жаңы шайланган премьер Борис Джонсон Улуу Падышачылыкты 31-октярбда ЕБ Брюссель менен тиешелүү келишим ишке ашпаса дагы чыгараарын жарыялаган. Джонсон приципиалдуу чечимдери менен белгилүү. Алардын бири“Брексит”. Ошондуктан адисттер, бизнес жаатындагы адамдардын баары кооптонуп жатышат.

Кооптонуулар негиздүү себеби соода жаатында кыйынчылыктарга душар болууда.Ѳткѳн жумада эле фунттун курсу еврого салыштырмалуу аябай түштү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз