Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес Европа Биримдиги коргонуу жаатында АКШга көз карандылыгын азайтуу үчүн өз армиясын түзүшү керек деп билдирди.
Брюсселдеги Тышкы иштер кеңешинин алдында сүйлөгөн сөзүндө Альбарес АКШнын президенти Дональд Трамптын НАТО альянсын сынга алышынан кийин Европа өлкөлөрү Орусия сыяктуу актерлор Вашингтонго жардамга барып же барбай турганын текшеришине карата даяр болушу керектигин билдирди. Альбарес: »Биз ар бир таңда АКШнын кийинки кадамы кандай болорун ойлонуп ойгоно албайбыз», — деди.
Көз карандысыз коргонуу күчтөрү НАТОну алсыратпай турганын жактаган Испаниянын тышкы иштер министри АКШнын өз армиясын күчтөндүрүүсү альянска зыян келтирбегенин эске салды. НАТОнун сестентүүчү күчүн кайра орнотуусу керектигин айткан Альбарес: »Эгерде НАТО мурдагыдай коопсуздукту камсыздай албаса, биз европалыктар катары көбүрөөк иш кылышыбыз керек», — деди.
